Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын премьер-министри менен жолукту

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолукту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, тараптар кызматташтыктын келечеги тууралуу ой бөлүштү.

Нурланбек Шакиев эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин байланышын кеңейтүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: "Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы алакалар жигердүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар байма-бай уюштурулууда. Анын ичинен өткөн жылы Кыргызстандын президентинин Монголияга жасаган расмий сапары бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түздү", - деди.

Ошондой эле төрага Кыргызстан Монголия мамлекетине айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар экенин билдирип, маданият жана туризм жаатында да биргелешип иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Андан сырткары Кыргызстандын тоо-кен өндүрүшү менен өзү да таанышып келгенин айткан Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэне анын ичинен баалуу металлдарды өндүрүү боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешип иш жүргүзүү жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Чыңгыз Ажибаев, Эрулан Кокулов, Айсаракан Абдибаева, Нурбек Алимбеков, Мейкинбек Абдалиев, Чыңгыз Айдарбеков, Алишер Козуев коштоп жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан