Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде Баку шаарында Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында президент Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Президенттин администрациясы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.
"Тараптар акыркы эки жылда Бишкекте жана Бакуда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер кызматташтыкка маанилүү түрткү гана бербестен, эки өлкөнүн өз ара мамилесин таптакыр жаңы, сапаттуу мазмун менен толтургандыгын канааттануу менен белгилешти.