Садыр Жапаров Азербайжандын президенти менен болгон сүйлөшүүлөр боюнча билдирүү жасады

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Жапаров өз сөзүндө жыйында эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө багытталган чечимдер кабыл алынганын билдирди.

"Биз Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун келечегин талкууладык, Азербайжан тарап Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкананын курулушу, кыргыз тарап Агдам районундагы орто мектептин курулушу боюнча маселелерди козгодук.

Мектеп куруу Кыргызстандын чыр-чатактан жабыркаган аймактарда тынчтыкты калыбына келтирүү ишине кошкон салымы болуп саналат. Биз эртең ушул мектептин курулушуна капсула салууну пландаштырып жатабыз.

Мындан тышкары биргелешкен кыргыз-азербайжан экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашылды.

Комиссиянын иши биздин өлкөлөрдүн ортосунда соода жүгүртүүнү көбөйтүү максатындагы маселелерди талкуулоо жана илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат.

Кол коюлган документтердин ичинен эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү беш жылдык комплекстүү программасын бөлүп көрсөтүүгө болот, ал эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн орто мөөнөттүү келечекке карата негизги жол картасы катары колдонулат", - деди Жапаров.

Ошондой эле президент эки өлкөнүн ортосунда кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга кол коюлганын баса белгиледи. Мындан сырткары Борбор Азия жана Түштүк Кавказ аркылуу өткөн эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү маселелеринде эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү келечеги талкууланганын айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин эртең, 25-апрелде Баку шаарында ачуу пландалып жаткандыгы маалым болду.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан