Бишкекте 33 жаштагы жигитти уурдап, андан акча талап кылган 6 адамдан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 22-апрелде курулуш менен алектенген Бишкек шаарынын жашоочусун жолугушууга чакырып, ал жерден уурдап, белгисиз тарапка алып барып, 140 миң доллардан ашык акча талап кылган.
Ишкердин жубайы окуя тууралуу Свердлов РИИБине арыз менен кайрылып, Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
24-апрелде 1990-жылы туулган А.Б., 1988-жылы туулган А.А., 1989-жылы туулган А.К., 1987-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар кармалган, алар тергөө кызматына жеткирилип, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ал эми кармалгандардын дагы бири 1988-жылы туулган Р.А. ИИМдин маалыматы боюнча маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турат.