Кыргызстан менен Азербайжан энергетика тармагы боюнча кызматташат

Энергетика министрлиги менен Азербайжандын Энергетика министрлигинин ортосунда энергетика тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, документке Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Азербайжандын энергетика министри Шахвазов Парвиз Октай оглы кол койду.

Белгилей кетсек, меморандумдун негизги максаты энергетика тармагындагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгын өнүктүрүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүү жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө умтулуу болуп саналат.

Ал эми тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүшөт:

- тараптардын мамлекеттеринин аймактарында мунай кендерин биргелешип изилдөө жана иштеп чыгуу;

- мунай жана мунай продуктулары менен соода кылуу;

- энергиянын кайра жаралуучу булактары жана гидроэнергетика жаатында кызматташуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан