Ош шаарында баңгизат сатууга шектелген жарандар кармалды

Ош шаарынын аймагында баңгизат сатып жүргөн шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-апрелде милицияга Ош шаарында Р. аттуу жаран мыйзамсыз баңгизат сактап, таратып жана сатканга кардар издеп жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери аталган кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктап, шектүү катары 1971-жылы туулган Б.Ш. жана К.И. аттуу жарандарды кармашкан.
Тинтүү учурунда Б.Ш. аттуу жарандын жанынан салмагы 3,9 грамм болгон баңгизаты, ал эми К.И. аттуу жарандан 4,9 граммды түзгөн баңгизат табылган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар Ош ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан