Кечээ, 24-апрелде Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкектеги жеке менчик клиникалардын биринде каза болгон үч жашар кыздын иши боюнча алдын ала соттук отурум өттү.
Алдын ала угуу аяктаган соң жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана тарапташтары чыр-чатак чыгарып, соттун эмеректерин талкалашып, айыпталуучулар менен жактоочулар жаракат алганын Бишкек шаардык соту кабарлады.
"Бул факт боюнча Октябрь райондук соту, жабыркаган айыпкерлер жана башка тартаптар тиешелүү органга кайрылышты. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бул чагымчыл жагдайды сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга басым жасоо катары баалайт жана мындай жагдайларга жол берилбестигин эскертет", - деп билдиришти шаардык соттон.