Курманкул Зулушев Грузиянын Башкы прокурору менен жолугушту

Кыргызстан менен Грузия коррупцияга каршы кылмыштуулук менен күрөшүүдө тажрыйба алмашат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымдалгандай, кызматташтыкты бекемдөө боюнча документке эки өлкөнүн башкы прокурорлору Курманкул Зулушев жана Ираклий Шотадзе кол коюшту.

Ага ылайык, тараптардын жолугушуусу Тбилиси шаарында өтүп, анда эки тараптуу өз ара иш-аракеттердин укуктук багыттары боюнча бир нече актуалдуу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары иш сапар Европа Биримдиги менен БУУ БКБнын Just4Al биргелешкен долбоорунун алкагында уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан