Бишкекте 4 айлык наристенин өлүмү боюнча "балдарды сатуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун Октябрь РИИБинен кабарлады.
Милициядан билдиргендей, клиниканын мурдагы кызматкери, акушер-гинеколог А.Б. аттуу жаран бала сатууга айыпталып, кармалган.
Буга чейин Башкы прокуратура Бишкектеги Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда төрт айлык ымыркайдын чарчап калганын маалымдаган. Анда социалдык кызматкерлер менен милиция багып жаткан аялдан баланы тартып алып, реабилитациялоо борборуна тапшырышканы, ымыркай ал жактан 12-апрелде көз жумганы айтылат. Мындан улам Башкы прокуратура "шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирген.
Бүгүн, 25-апрелде бул иш боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун Октиябрь РИИБинен ырастады.
"Бул факты боюнча 11-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (балдарды сатуу) боюнча кылмыш иши козголгондугун маалымдайбыз.
А.Б. клиниканын мурдагы кызматкери, акушер-гинеколог тергөө тарабынан аныкталбаган башка адамдар менен алдын ала бүтүмгө келип, балдарды сатууну уюштуруп, муну менен өзгөчө оор кылмыш жасаган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү делген 1963-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Бишкек шаарынын №21 мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", -деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле милиция учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.