Чолпон-Ата шаарындагы "Жетиген" базарынын - "Курортторг Жетиген" ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тарабынан «Курортторг Жетиген» ААКсынын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталган. Тактап айтканда, алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып келген, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай долбоорлорду каржылоо шылтоосу менен ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча чогултушкан.
"23-апрелде УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы "Жетиген" базарынын - "Курорторг Жетиген" ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти УКМКдан.