Бишкекте кайгуул кызматкерин таш менен башка чапкан милиционерлерге кылмыш иши козголду

Бишкекте 2 милиция кызматкери Кайгуул кызматынын кызматкерине каршылык көрсөтүп, анын денесине залал келтирүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Текшерүү 19-апрелдеги окуянын алкагында Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн. Анда борбор калаанын Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан С.И. жана Э.К. аттуу милиция кызматкерлерин текшерүү максатында токтотушкан.
Кайгуул кызматынын кызматкерлери аларды мас абалында унаа башкарып келе жаткан деген шек менен наркология бөлүмүнө алып барышкан. Бирок тартип сакчылары текшерүүдөн өтүшпөй, каршылык көрсөтүп, жерде жаткан таш менен А.Ж. аттуу кайгуул кызматынын кызматкерин уруп, башына жана денесине залал келтиришкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен 2 милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына тапшырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан