Техникалык жабдыктар ИИМдин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов менен Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлорунун жетекчиси Косимо Ламберти Фоссатинин жолугушуусунда тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде ИИМден билдиришти.
ЕБ каржылаган Борбордук Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасы ИИМге боди-камераларын, док станцияларын жана планшеттерин расмий түрдө өткөрүп берди.
Ага ылайык, Адылбек Бийбосунов ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө, Борбордук Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү боюнча БОМКА - 10 программасына аймактык өнөктөштүктү бекемдөөгө, коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндө Ички иштер органдардын жөндөмдүүлүгүн арттырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Косимо Ламберти Фоссати БОМКА-10 программасынын алкагында өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоого даярдыгын ырастады", - деп айтылат маалыматта.