Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга укугу бар адамдарга алардын тандап алуусу боюнча бир пенсия белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Социалдык фонддон билдиришти.
Ага ылайык, эгерде адам жаш курак боюнча пенсия жана майыптык пенсия алууга укугу болсо, ал пенсиянын бир түрүн тандап алат.
"Адам өзү үчүн эң пайдалуу вариантты тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ", - деп айтылат маалыматта.