Дагы үч министрге сөгүш жарыяланып, бирөөнө эскертүү берилди (тизме)

Президенттин жарлыктарынын аткарылышы жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарында, райондук мамлекеттик администрацияларда, мамлекеттик органдарда аткаруу тартибинин абалы боюнча маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Эскертүү алгандар:
1. Жээнбек Кулубаев - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
2. Талантбек Иманов - Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;
3. Азамат Буржуев - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

Сөгүш алгандар:
1. Нурия Кутнаева - Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
2. Тилек Текебаев - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
3. Алтынбек Максүтов - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
4. Жумамүдүн Жумалиев - Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
5. Бүбүжан Арыкбаева - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
6. Асел Раимкулова - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
7. Элчибек Жантаев - Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Мындан тышкары, президенттин администрациясынын коллегиясынын чечими менен бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу боюнча мамлекет башчыга сунуштар киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан