Бүгүн, 25-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов өлкөдөгү сел каптоонун негизги себептерин атады.
"Селдин себептеринин бири болуп курулуштардын мыйзамсыз жана тиешелүү талаптардын сакталбай курулушу. Арык, каналдардын жоктугу же тазаланбай, таштандыларга толушу. Малдын саны көбөйүп, тоолордо чөптүн аздыгынан жер кыртышына суу сиңбей сел кырсыктары болуп жатат" деди министрдин орун басары.
ӨКМдин маалыматына ылайык, республика боюнча 20-23-апрель күндөрү 67 жолу сел кырсыктары катталган.
Эске салсак, кечээ, 24-апрелде Сузак районуна, 23-апрелде Талас районуна, 22-апрелде Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген.