Бир катар райондордун акимдерин, орун басарларын жана аппарат башчысын ээлеген кызматынан бошотуу боюнча президентке сунуштар киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн коллегиялык жыйынында билдирди.
Кызмат орундарынан бошотууга сунушталгандар:
- Кемин районунун акими Алайбек Жумаев, анын 1-орун басары Акылбек Мурсалиев, орун басары Кайрат Жетенбаев жана аппарат башчысы Бактыбек Алиев;
- Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев;
- Лейлек районунун акиминин 1-орун басары Абдирашит Ташталтаев;
- Жети-Өгүз районунун акиминин 1-орун басары Адилет Дүйшөмбиев.
Мындан сырткары жыйында бир катар министрлерге жана орун басарларына коюлган тапшырмаларды так аткарбаганы үчүн деген жүйө менен сөгүш берилди.