Бишкекте жана Чүйдө бир саат аралыгында катуу шамал болушу мүмкүн. Бул боюнча Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.
"Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз 112 кызматына чалып, жардам сурасаңыз болот. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат", - дешти мекемеден.