Борбор калаада Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Мэриянын маалыматына таянсак, бул тилкеде акыркы жолу 2008-жылы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Ага ылайык, Ахунбаев көчөсүн Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери башталган.
Белгилей кетсек, унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол этап менен жабылып жатат.
Мэрия бүгүнкү күндө көчөнүн түштүк тарабы жабылып, андан кийин жолдун түндүк тарабын жабуу пландалып жатканын кошумчалады.