Калдык сактоочу жайлар жөнүндө мыйзам долбоору четке кагылды

Бүгүн, 25-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилге кылган документ боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору мыйзамдарды Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүүгө багытталган. Мыйзам долбоорун кабыл алуу радиоактивдүү калдыктар менен иштөө чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн сапаттык негизди түзөт жана ченемдик-укуктук базанын учурдагы боштуктарын толтурат.

Талкуу маалында бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин аныктоо жана бөлүштүрүү бөлүгүн кайра карап чыгуу керектигин белгилешип, аны четке кагууну сунушташты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан