Аймактарда нотариустарга лицензия берүүнү жеңилдеткен мыйзам биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 25-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам долбоору нотариалдык иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында иштелип чыкканын билдирди. Ал белгилегендей, кээ бир райондордо нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн белгилүү аймак үчүн лицензияларды киргизүү болжолдонууда, бул мындай райондордо жеке нотариустардын санын көбөйтүүгө жана мамлекеттик нотариустарга жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

Талкууда депутат Айбек Маткеримов алыскы аймактарда мамлекеттик нотариустарга болгон кезек күтүүлөрдү айтып, мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгиледи. Депутаттар Жанар Акаев, Жаныбек Кыдыкбаев аймактардагы муктаждыктарды эске алуу менен алардын санын көбөйтүү зарылдыгына токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан