Бүгүн, 25-апрелде саат 15:24тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында (Бедел айылынан 32 чакырым түштүккө, Кумтөр руднигинен 85 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 140 чакырым түштүкө) 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.