Бүгүн, 25-апрелде Оштун борбордук аянтында мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” аталышындагы “Манас” айттуу боюнча республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, “Манас” эпосун даңазалоо максатында уюштурулган сынакка жалпы 3 миң окуучу катышып, кыргыз жана англис тилдеринде “Манас” айтышты.
Ага ылайык, иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков катышуучуларга ийгилик каалашып, мындай иш-чаранын Ош шаарында өтүшү чоң сыймык экенин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык баракчаларын жана төш белгилерди тапшырышты.
Белгилей кетсек, мындай сынак президенттин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында 20-апрелден 11-майга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.