Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайланган депутаттын мандатын тапшыруу боюнча арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоду.
Сарбагышев бүгүн мандатын тапшыруу арызын жазган. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.