Акын Гүлзада Станалиеванын төрт китебинин бет ачары болуп өттү  

Бишкекте 24-апрелде акын, филология илимдеринин кандидаты, окутуучу Гүлзада Станалиеванын төрт китебинин бет ачары болуп өттү.
Алар:
  • 1. "Иңир" ыр жыйнагы;
    2. "Копирайтинг: PR-тексттери" окуу китеби;
    3. "Журналистика жанрлары" окуу китеби;
    4. "1916 год в кыргызской прозе" аттуу монографиясы.

"Копирайтинг: PR-тексттери" пиар тексттерин, элдин көңүлүн бурган тексттерди жазганды үйрөтөт. Ал эми"Журналистиканын жанрлары" кабар, репортаж, макала, очерк, эссе жазууну, талдоону үйрөтөт.

Станалиеванын "Иңир" ыр жыйнагында адам тагдыры, ошол тагдырдагы адамдын көргөн кубанычы, кайгысы, сүйүүсү, бактысы, бактысыздыгы тууралуу ойлору камтылган. Жан дүйнөсүндө жашап, ички сезим-туюмун тынч алдырбаган ырлары поэзия ааламына алып келип, алгачкы жолу ырлары жарыяланып жатат. Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

"Жан дүйнөнүн китебин жарыкка чыгаруунун кубанычы менен толкуну башка болот экен. Китептин жасалгасына да, сүрөттөрүнө да, мукабасына да, алтургай кагазына да өтө маани берип атып, басылышын кыйлага создуктурдум. Анткен менен бул бөтөнчө рахат берген өтө таттуу "түйшүк" болду", - деди ал.

Иш-чарага Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, журналист, окутуучу Бакыт Орунбеков, маданият өкүлдөрү жана Гүлзада Станалиеванын жакындары, кесиптештери, санаалаштары катышты.

"Кечээ кыргыздын үч балбан кызы Кыргызстандын дүйнөлүк беделин 3-орунга чыгарышты. Эгерде акын-жазуучулардын дагы дүйнөлүк жарышы болгондо, анда да биздин кыздар дал ушундай байгелүү болмок. Себеби биздин акындарыбыз күчтүү", - деди Иманалиев.

Акын Гүлзада Станалиеванын төрт китебинин бет ачары болуп өттү  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан