Ильхам Алиев Садыр Жапаровго карабах жылкысын белек кылды

Кечээ, 25-апрелде Азербайжанжын президенти Ильхам Алиев өлкө башчы Садыр Жапаровго карабах жылкысын белек кылды. Бул тууралуу азербайжандык басылмалар өлкөнүн президентинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Кечээ күнү Ильхам Алиев менен Садыр Жапаров Агдам шаарындагы Панахали хан сарайында жана Имарет комплексинде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан. Президенттер ошондой эле Карабах ат паркында болушкан. Ал жерден Алиев Жапаровго жылкылардын бирин белекке берген.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 24-25-апрель күндөрү мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барган. Ал Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи отурумуна жана Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан