Беттештин алдында мейманканада жаңжалдаша кеткен казакстандык мушкер Ануарбек Бекембетов менен кыргыз мушкери Марсель Нурланбековдун беттеши жокко чыгарылды. Бул тууралуу "NAIZA" уюму кабарлады.
Эки мушкер бүгүн, 26-апрелде Алматыда өтө турган "NAIZA 59" турниринде беттешмек. Бирок алардын мейманканадагы жаңжалынан кийин уюм эки мушкерди уюмдан түбөлүккө четтеттүү чечимин чыгарган.
"Биздин лиганын урааны: "Мушташууну кааласаң рингде мушташ!". Биз ар дайым спортчуларды өздөрүнүн мушкердик сапаттарын рингде гана көрсөтүүгө үндөйбүз. Биз мындай спорттук эмес жүрүм-турумду айыптайбыз жана муну спортчунун этикасын бузуу деп эсептейбиз.
Эки мушкерди дисквалификациялоону чечтик. Булар эми эч качан "Naiza League" турнирлерине катышпайт. Дагы бир жолу биз мушкерлерди рингдин ичинде гана согуштук сапаттарын көрсөтүүгө чакырабыз", - деп билдирди аталган уюм.