Эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалып, андан салмагы 2 килограмм болгон баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, ташуу, жөнөтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү, 1995-жылы туулган К.у.А. аттуу жаранды кармаган.
Шектүү Чүй облусунда колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Текшерүү учурунда андан жалпы салмагы 2 килограмм болгон "мефедрон" синтетикалык баңгизаты табылган.
"Аталган заттын 1 граммы базар баасында 6 миң сом туруп, жалпысынан табылган жүктүн наркы 12 миллион сомго жетет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК учурда жогоруда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатканын комушчалады.