Чаткалдын Кара-Буура ашуусунда кар көчкү түштү

Чаткалдагы Ала-Бука — Жаңы-Базар унаа жолунундагы Кара-Буура ашуусунан кар көчкү түштү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, көчкүнүн көлөмү 51 миң метр кубду түзөт. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

Министрликтен мындан тышкары дагы беш жерде кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин маалымдашты.

"Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу, унаа жолдордо кооптуу жагдайлар жаралбашы үчүн мекеме тарабынан бардык иш-аракеттер көрүлүп жатканы белгиленди",-деп айтылат маалыматта.

Ал эми кар көчкүнү тазалоо үчүн күйүүчү-майлоочу майларды жана запастык тетиктерди жеткирүү үчүн эки жүк ташуучу, 4 механизатор жана бир манипулятор тартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан