Улан Примов ЖККУ ПАдагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев менен жолугушту

Кечээ, 25-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов ЖККУ ПАдагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев жана ЖККУ ПА катчылыгынын эксперттик-аналитикалык бөлүмүнүн кеңешчиси, уюмдун Маалыматтык-аналитикалык-укуктук борборунун катчысы Вячеслав Кочарян менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, тараптар парламенттер аралык кызматташуу жаатындагы маселелерди жана улуттук, жамааттык жана аймактык коопсуздукка чакырыктар жана коркунучтар боюнча тармактык министрликтер менен ведомстволордун эксперттеринин жумушчу жолугушууларынын жыйынтыктарын талкуулашты. Адистер менен илимпоздордун биргелешкен иши ЖККУнун жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия аймагындагы аскердик-саясий кырдаалга парламенттик мониторинг жүргүзүү үчүн жыйынтыктоочу документтин долбоорун түзүүнүн баштапкы чекити, ишенимдүүлүгүн жогорулатуунун натыйжалуу механизми, аналитикалык баалоонун, корутундулардын жана прогноздордун актуалдуулугу жана практикалык мааниси болуп эсептелет.

Улан Примов Жогорку Кеңеш парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маселелерге өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи. ЖККУнун жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия аймагындагы аскердик-саясий кырдаалга парламенттик мониторинг жүргүзүү үчүн жыйынтыктоочу документтин долбоорун даярдоо маселесине токтолуп, Улан Примов азыркы шарттарда диверсиялык идеологияга жана экстремизмдин, терроризмдин жана трансчек аралык кылмыштуулуктун башка көрүнүштөрүнө, ошондой эле жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүнү улантуу зарылдыгын айтты. Ал каршы аракеттенүүнүн бирдиктүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн моделдик мыйзамдарды даярдоо жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелерин кароо маанилүү экенин кошумчалады.

Шабданбек Алишев 22-25-апрель күндөрү регионалдык жана улуттук коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Жогорку Кеңештин эксперттеринин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин, УКМКнын кызматкерлеринин деңгээлинде жумушчу жолугушуулар өткөрүлгөндүгүн айтты.

Ал ошондой эле президентке караштуу стратегиялык демилгелер Улуттук институтунун жана бир катар жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен жолугушууларда ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук жана жамааттык коопсуздук жаатындагы мыйзам чыгаруу демилгелери, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү, эксперттик-аналитикалык ишмердүүлүк жаатында өз ара аракеттенүү, биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү жана моделдик мыйзам чыгаруу жаатындагы илимий-изилдөө долбоорлору талкууланганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан