Бишкектеги кампадан 4 тонна апийим куурайы табылды (видео)

Баңгизаттарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү жана сатуу боюнча туруктуу канал уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат менен "Манас" бажысы Бишкектеги кампалардын биринен жалпы салмагы 4 тоннадан ашкан апийим куурайын табышкан. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен анын 350 килограммы кодеин жана морфин баңгизаттары экени аныкталган.
Табылган кампадагы баңгизаттар чет өлкөлөргө, тактап айтканда, Казакстан, Өзбекстан, жана Кытайга мыйзамсыз ташылып турган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 285-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун (бажы чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү) жана 282-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары А.Ф.К. жана А.А.К. аттуу жарандар кармалган.
Атайын кызмат алар тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

26.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан