Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Чаткал дарыясынын жээктери габион торчолору менен бекемделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик тарабынан 285 даана габион торчо алынып, учурда белгиленген Жер-Капчыгай, Айгыр-Жал, Кара-Шоро айылдары жергиликтүү тургундардын жардамы менен бекемдөө жумуштары жүрүүдө.
Белгилей кетсек, аталган иш-аракеттер райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берген эскерменин негизинде ишке ашууда.