Ысык-Көлдөн 24 миң метрден ашык тор чыгарылды 

Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелери таштандылардан жана мыйзамсыз балык уулоочу торлордон тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылынан Корумду айылына чейин көлдөн 24 миң 600 метр балык уулоочу тор чыгарылып, 2985 килограмм ар түрдүү таштандылардан тазаланды.

Ага ылайык, ӨКМ мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан