"Барса" академиясынын стадионунда 1500 окуучу "Манас" айтты

Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад шаарындагы "Барса" футбол академиясынын стадионунда 1500 окуучу "Манас" айтты. Бул боюнча шаардык мэриянын маалымат борбору кабарлады.
Белгиленгендей, иш-чара “Урааным Манас” аталышындагы “Манас” айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында өттү.
Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев катышып, "Манас" айтып жаткан окуучуларга ийгилик каалашты.
Белгилей кетсек, мындай сынактар 20-апрелден 11-майга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан