Нарындын Куланак айылында 2 турак үйдү сел каптады (фото)

Нарында саат 09:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Куланак айылынын Кур-Жылга коктусунан сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел 2 турак үйдүн короосун (анын ичинен 1 үйдүн жер төлөөсүнө) жана №86 кесиптик лицейдин жылуулук түтүкчөсүн каптап жерге сиңип кеткен.

Ошондой эле 8 гектарлык көп жылдык чөп айдоо аянтын каптап, жерге сиңип кеткен.

"Жерине Нарын райондук ӨК бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, айыл аймактын 5 кызматкери, 1 жүктөгүч, Кызыл жарым ай коомунан 5 адам тартылып, тактоо жана сел суулардын нугун буруу иш-чараларын жүргүзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан