Ак-Суу районунда өспүрүмдү айылдашы унаа менен сүзүп алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Жолколот айылында 2008-жылы туулган К.Э.Жны айылдашы С.Т.С. өзүнүн Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган. Мындан улам өспүрүм облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты Ак-Суу райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле маалыматта учурда баланы акыбалы туруктуу экени айтылат.