Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды “Манас” аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты

Президенттин жубайы Айгүл Жапарованын “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында Кытайда жүрөгүнө операция жасалган 10 бала Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, балдарды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, тууган-туушкандары жана достору тосуп алышты.

Тубаса жүрөк кемтиги бар балдар жакындары жана дарыгерлер, хирургдар тобу менен бирге ушул жылдын март айынын башында Кытайга дарыланууга жөнөтүлгөн.

"Кытай салттуу стратегиялык өнөктөшүбүз Орусия жана боордош Түркия менен бирге Кыргызстандын эли жардамга жана колдоого муктаж болгондо биз кайрылган үч өлкөнүң бири болуп саналат жана биз аларга ар дайым таяна алабыз" - деди Байсалов өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан