Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-апрелдеги отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча маселени карайт.
БШКнын бүгүнкү күн тартиби тууралуу маалыматта эл өкүлүнүн иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун ѳкүмүн аткаруу маселесин каралары айтылат. Анда БШК өкүмдүн негизинде депутатты мандатынан ажыратуу же ажыратпоо чечимин чыгарат.
Жети айдан бери УКМКнын тергөө абагында жаткан “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров соттун чечимине ылайык 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыккан.