Токмок шаарында мушташтан улам бир адам каза болуп, кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-апрелде Токмок шаарынын Луговая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 2 жаран спирт ичимдигин ичишкен. Мас болгон 1994-жылы туулган И.Б. менен 1978-жылы туулган Н.Шнын ортосунда уруш чыгып, И.Б бөтөлкөлөшүн жыгач таяк менен сабап салган. Н.Ш. алган жаракатынан улам каза болуп калган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1994-жылы туулган И.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Кылмыш болгон жерден кылмыш жасоодо колдонулган курал табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.