Кыргызстан менен Орусиянын Парламенттер аралык комиссиясынын 10-отуруму болуп өттү

Бүгүн, 26-апрелде Бишкекте Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын 10-отурумунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечеги жана мындан аркы өнүгүүсү жаатындагы маселелер талкууланды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, отурумдун ишин Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттер аралык комиссиянын теңтөрайымы Гуля Кожокулова, Мамлекеттик Думанын депутаты, парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы Дмитрий Кобылкин куттуктоо сөзү менен ачышты.

Гуля Кожокулова 2007-жылдан бери Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Орусиянын Федералдык жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссия эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы перспективалары жана парламенттер аралык диалогдун артыкчылыктуу багыттары талкууланган аянтча болуп калгандыгын белгиледи.

Парламенттер аралык комиссиянын отурумунун катышуучулары тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин платформасында Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгынын өнүгүүсү жана келечеги, маданият, билим берүү, энергетика, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу багытындагы жана миграция маселелерин жөнгө салуу жаатындагы маселелер көтөрүлдү.

Кыргызстандын жарандарынын Орусиядагы укуктук абалы тууралуу суроолорго токтолгон депутат Марлен Маматалиев ЕАЭБдин негизги документтеринде жарандардын эркин жүрүү принциптери жазылганын белгиледи. Ал чет өлкөдөн алынган айдоочулук күбөлүктөрдү Орусияда колдонуунун тартиби жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөчө көңүл бурду.

Муну менен катар 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү, КМШга мүчө мамлекеттердин мектеп окуучулары үчүн патриоттук маданий-агартуу багытындагы "Эс-тутум поезди" долбоору, Кыргыз спортчуларынын – Биринчи жайкы Дүйнөлүк достук оюндары жаңы спорттук кыймылга катышуусу каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан