Тоң районунун айылдык кеңешинин депутаты Болот Мамбетовдун аттестаты жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү К.У.К. 2020-жылы Болот Мамбетов атындагы орто мектепти бүтүргөндүгү тууралуу жасалма аттестат алган. Ал жасалма документти 2021-жылдын январь айында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталууда колдонгон.
"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүнө (атайылап жасалма расмий документти пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголгон", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.