Ысык-Көлдө 17 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Ысык-Көлдө 2007-жылдан бери издөөдө жүргөн Түп районунун 46 жаштагы С.М. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2006-жылдын ноябрь айында шектүү С.М. өзүнүн шериктери А.Т. жана У.К. менен Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылынын тургундарына тиешелүү эки баш жылкыны уурдашкан. Натыйжада мал ээлерине жалпысынан 40 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

"Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, А.Т. жана У.К. кармалган. Ал эми С.М. изин жашырып, качып кеткендиктен издөө алынган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан