Шайлообек Атазов депутаттык мандаты боюнча Жогорку сотко кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде анын адвокаты Алтынбек Токтосунова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бишкек шаарынын административдик соту бир мандаттуу №29 Свердлов округунан шайланып келген Шайлообек Атазовду 1-мартта мандатынан ажыраткан.

Эл өкүлү соттун чечимине комментарий берип, ал мыйзамсыз экенин жана мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын жазган. Ошондой эле ал сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Ал эми Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан