Баңгизаттарды аткезчилик жол аркылуу ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу менен гашиш баңгизатын ташуу жана андан ары сатуу максатында алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги тобунун иштерине бөгөт коюлду
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн өздүгү такталды. Алар 1980-жылы туулган Д.С. жана 1976-жылы туулган Д.Х. аттуу жарандар экендиги аныкталды.
Алардан өзгөчө ири өлчөмдөгү жалпы салмагы 19 килограмм 248 граммды түзгөн гашиш баңгизаты алынган. Кармалгандар №21 тергөө абагына камакка алынды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.