Түркиядагы элчи Анкара шаарынын мэри менен жолугушту

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, Казакбаев Явашты 31-мартта бүткүл Түркия боюнча өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы боюнча Анкара шаарынын мэри кызматына кайра шайланышы менен куттуктап, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин куттуктоо катын тапшырды.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосундагы боордош шаар мамилелери боюнча түзүлгөн келишимди эске алуу менен, элчи борборлордун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө чакырып, Анкара шаарынын мэриясынын делегациясын жана бизнес-коомчулуктарын Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан