Караколдогу бир катар соода түйүндөрдүн ээлери алдамчылыкка шектелүүдө (видео)

Каракол шаарындагы "Мега мол", "Ордо" соода комплекстеринин жана "Ак тилек+" базарынын бир бөлүгүнүн ээлери тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тараптар мурда айрым соода түйүндөрүн жана дүкөндөрдү жарандарга техникалык паспорт бербестен сатышкан. Ошол эле учурда соода комплекстеринин ээлери коммерциялык объекттерге укук белгилөөчү документтердин ордуна ишкерлер менен 10 жылдык мөөнөткө жайларды ижаралоо келишимдерине гана кол коюшкан.

Андан тышкары ишкерлер өз каражаттарынын эсебинен аталган соода борборлорунда сатып алынган коммерциялык жайларды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшүп, ай сайын 2500 сомдон 15 миң сомго чейинки өлчөмдө ижара акысын төлөөгө аргасыз болушкан.

Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында "Ордо" жана "Мега мол" соода комплекстеринин ээлери О.А.Э. жана О.Э.А. тинтүүгө алынып, жыйынтыгында алардын алдамчылык аракеттерин тастыктаган документтер табылган.

Жогоруда аталган О.А.Э. кармалып, Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Видео: УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан