Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигине вице-спикер келди. Талкууланган маселелер

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде элчи Анвар Анарбаев менен Малайзия парламентинин төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда ошондой эле эки өлкөнүн парламентарийлеринин, анын ичинде спикерлердин деңгээлинде сапарларын алмашуу боюнча биргелешкен ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Мындан тышкары эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы “достук топторунун” алкагында өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан