Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассирдин Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол коюлду.
Касымалиев өз сөзүндө бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында миңдеген муктаж үй-бүлөлөр ипотекалык кредиттөө системасы аркылуу социалдык турак жайга ээ болоорун белгиледи.
"Калкты арзан турак жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналат жана мамлекет башчынын көзөмөлүндө", - деди ал.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев Эр-Риядга (Сауд Арабия Королдугу) иш сапары менен келген. Сапардын алкагында ал ИӨБ тобунун менеджерлеринин жылдык жолугушуусуна катышат, ошондой эле каржы институттарынын жана эл аралык компаниялардын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.