Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстанда мектеп куруунун экинчи этабын ишке ашыруу макулдашылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун башкаруучуларынын 49-отурумунун алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар медициналык мекемелерди, билим берүү мекемелерин куруу, жол инфраструктурасын, айыл чарбасын өнүктүрүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жер-жерлердеги учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле алар жакын арада Кыргызстанда мектеп куруунун экинчи этабын ишке ашырууну баштоону макулдашты.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Кыргызстан үчүн "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө кеңири токтолуп, фонддун жетекчилигин Кыргызстан тарабынан уюштурулуп, июнь айынын башында Австриянын Вена шаарында өтө турган энергетикалык инвестициялык эл аралык форумга катышууга чакырды.

Андан соң Касымалиев Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун Операция боюнча департаментинин директору Абдулла Халил Аль-Мусайбих менен жолугушту.

Тараптар биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалын жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү кеңири талкуулашты.

Кыргыз тарап "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун сунуштап, Кувейт фондунун жана Араб өнүктүрүү фондунун жетекчилигин Венадагы инвестициялык форумга катышууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан