Кыргызстанда соңку үч жылда 27 нарколаборатория жок кылынды

Кыргызстанда акыркы үч жылда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо менен алектенген 27 жашыруун нарколаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Алардын ичинен синтетикалык баңгизаттарды даярдоо боюнча - 12, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча - 15.

27 нарколабораториянын ичинен 25и Баңгизаттар мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жок кылынып, ичинде синтетикалык - 11и, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча - 14ү аныкталган.

  • 2021-жылы 4 нарколаборатория, ичинен каннабис - 3, синтетикалык - 1;
  • 2022-жыл 11 нарколаборатория, ичинен каннабис - 4, синтетикалык - 7;
  • 2023-жыл 12 нарколаборатория, ичинен кара куурай - 8, синтетикалык - 4.

Үч жыл ичинде нарколабораторияларды жоюунун натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 799 килограмм 944 грамм баңгизаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган.

2024-жылдын отчёттук мезгилинде кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча жашыруун 3 нарколаборатория аныкталган, алардын ичинен 2 нарколаборатория ИИМдин БМЖККК тарабынан аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан