Түркиянын тышкы иштер министри Газа боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Сауд Арабиясына барат

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан эки күндүк сапар менен бүгүн, 28-апрелде Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, ал Палестинадагы ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн Ислам кызматташтык уюму (ИКУ) жана Араб мамлекеттеринин лигасы тарабынан түзүлгөн Газа боюнча Байланыш тобунун жыйынына катышууга ниеттенүүдө.

Хакан Фидан Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядга сапары учурунда кесиптештери менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Белгилей кетсек, Байланыш тобу Газадагы жаңжалды токтотуу жана Палестина менен Израилдин ортосунда туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн ноябрда Сауд Аравияда өткөн ИКУ менен Араб Лигасынын биргелешкен саммитинде түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан